Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Олимпиадага аттанды

Бүгүн Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын мүчөсү, жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Токиого жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Атлетти машыктыруучусу Сатыбек Чокаев коштоп барат.

Эске салсак, Олимпиада-2020 мелдешинде жеңил атлетика боюнча мелдештер 3-августта башталат. Кеңешбеков 6-августта 5 000 метр аралыкка чуркоо боюнча жарышка чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД