Марипов Сауд Аравиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасындагы Сауд Аравия Королчулугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов дипломатиялык миссиянын жетекчисин кызматка дайындалышы менен куттуктады. Жолугушуу алкагында өз-ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыктын ар кыл чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелер талкууланды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Кыргыз Республикасы Сауд Аравия Королчулугу менен мындан ары карай эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.

Олуттуу басым соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга, ошондой эле туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жасалган.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстанда чет элдик инвесторлорду коргоо жана инвестициялык жана туристтик тармактарды өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлүүдө.

Ошол эле учурда Улукбек Марипов Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин жана соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-сауд комитетинин кезектеги үчүнчү жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Ибрахим бин Ради бин Абдурахман Аль-Ради белгилегендей, Сауд Аравия Королчулугу Кыргыз Республикасы менен келечекте эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө маани берет. Ошондой эле ал эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн колдон келген күч-аракетин жумшаарын билдирди


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД