Караколдо милиционер чөккөн өспүрүмдү куткарып калды

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Кайгуул милициясынын кызматкери Акылбек Токталиев сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Окуя кечээ, 28-июлда, Токталиев кесиптештери менен шаардагы Каракол-Пристань пляжында коомдук тартипти көзөмөлдөп жүргөн маалда болгон.

14 жаштагы өспүрүм теңтуштары менен көлдө алыс эмес аралыкка сүзүшөт. Бирок жээктен алыстагандан кийин чөгө баштаган. Баланын муну байкап калган карындашы тегерегиндегилерди жардамга чакырган.

"Милиция кызматкери пляждагылардын ичинен биринчилерден болуп жардамга барып, кийимин да чечпестен сууга секирген. Ал экинчи жолу суу астына чөмүлүп издегенде гана өспүрүмдү тапкан. Аны көтөрүп сүзүп, жээкке чыккан", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ал жерден өспүрүмгө биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Милиция кызматкеринин ыкчам жана туура аракетинин натыйжасында бала аман калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД