Бүгүн, 29-июль күнү ок атуучу Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынан Кыргыз өлкөсүнө кайтып келди. Бул тууралуу спортсмен Instagram баракчасынан билдирди
Кыргыз ок атуучусу Олимпиадада 612,8 упай топтоп, 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээлеп, муну менен жайкы Олимпиада оюндарындагы жүрүшү токтогон.
Каныкей Кубанычбекова "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземиндеги парадда Кыргыз өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.