Өзбекстан:Эмделүүдөн баш тарткан кызматкерлер иштен алынат

Өзбекстандын парламенти вакцинациядан баш тарткан кызматкерлерди иштен кетирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу 27-июлда вице-спикер Алишер Кадыров билдирди.

"Мындан ары эч кандай олуттуу себеби жок эмделүүдөн баш тарткан кызматкерди иштен алууга уруксат берилет", - деп жазды Кадыров өзүнүн "Телеграм-каналында".

Ал арада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев дагы эмдөө жараянын тездетүү зарыл экенин белгиледи. Ал вакцина алгандар деле коронавируска чалдыгышы мүмкүн экенин кошумчалап, андай бейтаптар ооруканадан төрт күндө чыгарылып жатканын, ал эми эмделбегендер катуу ооруп жатканын билдирди.

Мирзиёев Өзбекстанда жакын арада орустардын "Спутник V" вакцинасы чыгарыларын кошумчалады. Ал айрым илимпоздор жана интеллектуалдар эмдөөгө тоскоолдук жаратып жатканына нааразычылыгын жашырган жок.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД