Карамат Орозова:Баткендиктерди суракка алып, камаганды токтоткула

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова кыргыз-тажик чек арасын коргоого жардам берген, аткезчиликке бөгөт коюуга аракет кылган активист жарандарды суракка алып, камаганды токтотууну талап кылды.

Ал парламенттин 29-июлдагы жыйынында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетовго кайрылып, Баткен милициясынын жергиликтүүлөрдү камаганды токтотушун талап кылды.

Депутаттын маалыматына караганда, чек арадагы былтыркы окуяларда 270 адам суракка алынган. Азыр эркектер калып, аялдар да сурала баштаган.

"Жергиликтүү тургундар болбосо, чек арачылардын да, укук коргоо органдарынын да мамлекеттик чек араны коргоого алы жетпейт. Аларды эзгенди качан токтотосуңар? Эл болбосо чек араны кайтара албайсыңар силер. Эмнеге патриот жигиттерди сындырасыңар? Жергиликтүү бийликке, милицияга айткыла, токтотушсун мындай аракетти. Өзүңөр барып кайтаргыла андан көрө", - деди Карамат Орозова.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов мындай фактылар жок экенин, бар болсо териштирилерин билдирди.

Депутат Орозова суракка алынган тургундардын баарына иш ачылганын, фактылар бар экенин айтты.

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айындагы кандуу окуядан кийин Тажикстандан ташылган аткез товарларга жергиликтүү тургундар катуу каршы туруп жатышат.

Быйыл 13-июлга караган түнү элдик күзөтчүлөр Баткен районунун Ак-Татыр айылында жүк ташуучу кичи автобустардын бирин токтотушкан. Анда болжол менен 4 тонна жүзүм болгон.

Жүзүм Тажикстанда жүктөлүп, Лейлек району аркылуу өткөн. Унаалар кармалгандан кийин окуя болгон жерге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү барышкан.

Кийин ошол жергиликтүү тургундардан түзүлгөн элдик күзөтчүлөр суракка чакырылганы кабарланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД