Анжелика: "Бир күн менин саатым менен жашап көргүңүз келеби?"

Заманбап ырчы Анжелика Кайратова жаны тынбай ар убак кыймылда жүргөнү баарыбызга маалым. Ырчы өз баракчасында жетишкендектери менен бөлүштү.

"Бардык нерсенин мөөнөтү болот. Азык-түлүктөн баштап, өсүмдүккө чейин. Жандуу-жаралып, жашап картаят.Токтобогон саат жана мезгил- биздин эмнеге жетишип, эмнеге жетишпей жатканыбызды көзөмөлдөгөнгө жардам берет.

Мисалы, сиз бир күн жөн гана кыймылсыз күн өткөрүп менин сторисимдеги маалыматтар аркылуу, "ииии бул бардык жака жетишип жибериптир", "бир карасаң бул жакта, бир карасаң башка жакта" деп кеп кылып кыласыздар. Сиздин убакыт бат өтүшү мүмкүн, бирок менин саатымдын жебеси жай каккандай. Бир саатта бир чоң огородко гүл отургузуп, үйдү жыйнап же Ошко учуп жетсе болот. Же ошол эле саатта инстаграмды барактап, бир орунда эч нерсеге жетишпей калсак болот. Бир күн мени менен жүрүп, менин саатым менен жашап көргүңүз келет беле?",-деп кайрылды күйөрмандарына ырчы.

Эскерте кетсек, Анжелика Кайратова жакында Түркиянын Алания шаары менен Бишкек шаарында ар биринде жарым айдан жашарын пландап жатканын дагы күйөрмандарына маалымдаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД