Тамакка көз карандылыктын себеби эмнеде?

Стресс - тамак-ашка болгон көз карандылыктын негизги себептеринин бири. Бул тууралуу клиникалык психолог Михаил Хорс билдиргенин "Известия" жазды.

Анын айтымында, стресс ооруну жаратат, бирок тамакка берилген адам андан арылуу үчүн жеш керек деп ойлойт.

"Салмагы ашыкча кишилер адатта тамактан көз каранды. Албетте алардын толуп кетишине башка да себеп болушу мүмкүн. Бирок кайгы-капада жүргөн адам оозун тыя албай турганы анык нерсе", - деген психолог.

Адис тамакты аздан жана жайдан жесе, анын даамы гана сезилбестен бактылуулук гормондору деп эсептелген эндорфин менен дофаминдин деңгээли көтөрүлөрүн кошумчалаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД