"Нетфликс" жана Google кызматкерлерин вакцина алууга милдеттендирди

"Нетфликс" компаниясы Кошмо Штаттарда кино тартуу аянтчаларында иштеген кызматкерлерин вакцина алууга милдеттендирди. The Hollywood Reporter басылмасы кабарлагандай, аталган компания учурда актерлорду жана алар менен байланышта болгон кызматкерлерди эмдөөдөн өткөрөт.

Андан тышкары Google компаниясы дагы карантинден кийин кеңселерин толук ачардан мурда кызматкерлерден вакцина алууну талап кыларын билдирди.

Интернет-гигант өз кеңселерин 1-сентябрдан баштап акырындан ачууну көздөп жатат. Үйдөн иштегиси келбеген 144 миң кызматкер жумуш ордуна кайтуу үчүн толук эмдөөдөн өтүшү зарыл. Ушундай эле кадамга "Фейсбук" компаниясы да барары маалымдалды.

АКШда коронавирустун "дельта" варианты кеңири жайылууда. Бийлик өзгөчө эмдөө жай жүрүп жаткан аймактарда бул штаммды жуктуруп алгандар көп экенин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД