Олимпиада: Кытай, Япония жана АКШ алдыда

Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында алтын медалдардын саны боюнча Кытай алдыга чыкты.

Биринчи орунда турган Кытайдын спортчулары 16 алтын, 7 күмүш жана 10 коло (33 медаль) утту. Андан кийинки орундарда 15 алтын, 4 күмүш жана 6 коло (25 медаль) алган Япония менен 14 алтын, 16 күмүш жана 11 колосу (41 медаль) бар АКШ турат.

Аталган үч мамлекеттин бирөөсү улам алдыга оозуп, биринчиликти талашууда.

Олимпиада оюндарында Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан 1 алтын, 1 коло, Түркмөнстан 1 күмүш жана Казакстан 3 коло жеңди.

Кыргызстан менен Тажикстандын спортчулары азырынча байге ала элек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД