Бишкек шаардык кеңешке шайланган депутаттарга мандат тапшырылууда

Бишкек шаардык кеңешке шайланган депутаттардын алгачкы сессиясы башталды.

Шаардык кеңешке алты партия өткөн. Саясий бирикмелерге алган добушуна жараша 45 мандат бөлүнүп берилди.

Бүгүнкү иш-чарада Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматов шайлоонун расмий жыйынтыгы боюнча протоколду окуду.

Андан соң Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов депутаттарды куттуктап, жигердүү иштешүүгө чакырды.

"Бул сапар административдик ресурс колдонулган жок, муну өзүңүздөр да көрдүңүздөр окшойт. Шаардык кеңештин депутаттары жок алты айдай иштедик. Ошол учурда сиздер аркылуу чече турган маселелерди кароодо тоскоолдук жаралып жатты", - деди Кудайбергенов.

Андан соң шайланган депутаттарга мандат тапшырылып, ант берүүгө өтүштү.

Депутаттардын тизмеси менен бул материалдан тааныша аласыздар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД