ЫСЫК-КӨЛ: КАТУУ ЖААНДАН СЕЛ ЖҮРДҮ

Бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балакчы шаары жана Тоң районунун Кескен-Бел ашусу, Кара-Тала, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Турак үйлөрдү суу каптап ички чарбалык жолдор жана арыктар кум шагылдарга толгон. Ысык-Көлдүн түштук жагындагы трассанын 35-чакырымында жолдун айрым жерлери селден жабыркады. Ал эми көлдүн түндүк жагынан кеткен жол ачык. Абалды жеринен көзөмөлдөө үчүн ӨКМ министри Б.Ажикеев, ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынын башчысы Замирбек Жумагазиев чыгып кетишти. Азыркы учурда Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун ӨК бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазало иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандар катталган эмес. Толук маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС БОРБОР


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД