Олимпиада: Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Ал 1-августта 76 кг салмакта эркин күрөш боюнча турнирди баштады. Анын 1/8 финалда биринчи атаандашы 2016 -жылы Риодогу Олимпиада оюндарынын коло байге ээси (69 кг чейин) казакстандык Элмира Сыздыкова болду. Медет кызы аны 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалга өттү.

Кыргыз балбанынын кийинки атаандашы россиялык Наталья Воробьева болду. Кыргызстандык биринчи турда 12 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, жарым финалга жолдомо алды. Анын кийинки атаандашы америкалык Аделин Мария Грей болмокчу.

Финалга чыгуу үчүн кармаштар Бишкек убактысы боюнча 15:15те башталат.

76 кг чейин

1/8 финал

Айпери Медет кызы - Эльмира Сыздыкова (Казакстан) - 8:1

1/4 финал

Наталья Воробьева (Россия) - Айпери Медет кызы - 0:12

1/2 финал

Аделин Мария Грей (АКШ) - Айпери Медет кызы


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД