Соңку суткада 954 адамдан вирус аныкталып, 10 бейтап каза болду

Бүгүн, 1-августка караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 954 адамдын анализинин жыйынтыгында коронавирус тастыкталды.

Алар:

- Бишкек шаарында - 582 адам;

- Чүй облусунда - 87 адам;

- Жалал-Абад облусунда - 73 адам;

- Баткен облусунда- 58 адам;

- Ош облусунда - 33 адам;

- Ысык-Көл облусунда - 58 адам;

- Нарын облусунда - 43 адам;

- Талас облусунда - 12 адам;

- Ош шаарында - 8 адам.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 163 846 адамга коронавирус жуккан.

Акыркы суткада 10 бейтап каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД