Олимпиада: Жоламан чейрек финалга чыкты

Грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмак категориясы боюнча катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков казакстандык Мейрамбек Айнагуловду утту.

Жоламан күрөштү активдүү баштап, биринчи эле үч мүнөттүктө упай артынан упай алып эсепти 8:0гө жеткирип, техникалык таза жеңишти камсыздады.

Жоламан чейрек финалда молдовалык Виктор Чобану менен кез келет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД