Олимп оюндары: Бүгүн 4 кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат

Бүгүн, 2-август күнү Токио шаарында өтүп жаткан жайкы олимп оюндарында төрт кыргыз балбаны килем үстүнө чыгат.

Анда грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов алгачкы атаандашы тунистик Ламжед Маафи менен килем үстүнө чыгат.

Ошондой эле 97 килограмм салмак ченинде Үзүр Жусупбеков армениялык күчтүү Артур Алексанянга каршы беттеш өткөрөт.

Ал эми кыз-келиндер күрөшүндө Мээрим Жуманазарова болгариялык Мими Христово менен беттешет.

Жарым финалда америкалык балбанга утулган Айпери Медет кызы коло байге үчүн бүгүн, 2-августта Бишкек убактысы менен саат 17:55те беттешке чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД