Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жоголгон туристтин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар минитсрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоголгон туристтин сөөгү кечээ, 1-августта Каракол суусунан табылган. Ал 15-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан. Тек-жайы такталып, милицияга өткөрүлүп берилген.
Орусиянын жараны, теги казакстандык 29 жаштагы Варвара Конопасевич үй-бүлөсү менен Каракол-Ала-Көл жайлоосуна эс алууга келген. Отун тергени кеткен бойдон дайыны чыкпай калган.
Издөө иштери тоолордо, дарыялардын жээгинде жана токойдо жүргүзүлдү. Сөөгү