Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында экинчи жеңишке ээ болду.
Ал бүгүн, 2 -августта 1/8 финалдан баштап 77 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде өнөрүн көрсөтөт.
Анын биринчи атаандашы тунистик Маафи Лажед болгон. Махмудов 11: 0 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.
Азербайжандык Рафиг Гусейнов чейрек финалда кыргызстандыктын атаандашы болду. Махмудов 9: 1 эсеби менен жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.
Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандыктын атаандашы армениялык Карапет Чалян болмокчу.
1/2 финал Бишкек убактысы боюнча 15: 15те башталат.
77 кг чейин
1/8 финал
Маафи Ламжед (Тунис) - Акжол Махмудов - 0:11
1/4 финал
Акжол Махмудов - Рафиг Гусейнов (Азербайжан) - 9: 1
1/2 финал
Акжол Махмудов - Карапет Чалян (Армения)