Садыр Жапаров Тайип Эрдоганга өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганга Түркиянын бир нече провинциясындагы адам өмүрүн алган жана оор кесепеттерге алып келген өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдирди.

"Түркиянын бир нече провинциясында чыккан өрттүн себебинен каза болгондор тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ушул оор мезгилде Түркия элине табигый кырсыктын кесепеттерин жеңип чыгууда кайраттуулукту жана туруктуулукту каалайм.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтам, ошондой эле бардык жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД