Айсулуу Тыныбекова Латвиялык Анастасия Григорьева менен 3-августта беттешет

Айсулуу Тыныбекованын Токиодогу Олимпиада оюндарындагы биринчи атаандашы белгилүү болду.

Дүйнөнүн учурдагы чемпиону Тыныбекова Олимпиадада эркин күрөш боюнча 62 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат. 1/8 финалда ал латвиялык Анастасия Григорьева менен беттешет.

Ошондой эле балбан Атабек Азисбековдун дагы биринчи атаандашы белгилүү болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча 87 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашат.

Азисбеков 1/8 финалда венгриялык Виктор Лоринц менен күрөшөт.

Жогорудагы эки спортчу эртең, 3-августа килем үстүнө чыгышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД