Жалал-Абадда беш күн аралыгында 63 мас айдоочу кармалды

Жалал-Абад облусунда "Тартип" аталыштагы рейдтик иш-чарасынын биринчи этабы жыйынтыкталып беш күн аралыгында 63 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмү тарабынан, Жалал-Абад ОИИБдин тийиштүү тескемесинин жана иш-мерчеминин негизинде, Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун ошондой оор кесепеттер менен коштолгон жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында, үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнүнөн 1-август күнүнө чейинки аралыкта "Тартип" аталыштагы рейдтик иш-чара сынын биринчи этабы жыйынтыкталды.

Аталган иш-чарада ЖКККБнүн аппарат кызматкерлери ошондой эле район-шаардык ЖККК бөлүмчөлөрүнүн кызматкерлери, Жалал-Абад ОИИБдин МКККнын ӨРнын жана атайын багыттагы полкунун кызматкерлеринен түзүлгөн атайын мобилдик экипаждар түнкү мобилдик күзөт багыттарында жумуш алып барышты.

Белгилей кетчү нерсе, Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 28-июль күнүнөн 1-август күнүнө чейинки аралыкта, жалпы облус аймагында 1130 ар кандай жол эрежелерин бузган фактылар аныкталып анын ичинен 63 айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн кармалып 104 авто унаа атайын айып короого коюлду.

Аталган иш-чара мындан кийин дагы тиешелүү иш-мерчемдин негизинде улантылмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД