Баткенден ири суммадагы акча уурдаган адам Бишкек шаарынан кармалды

Баткенден ири суммадагы акча уурдаган адам Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 36 жаштагы тургунун жашаган турак үйүнөн белгисиз адам 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип арыз менен кайрылган.

Бул арыз Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай РИИБнин экстремизм жана мыйзамсыз миграциягы каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери Ош облусунун Араван районунун 29 жаштагы М.К. аттуу тургунун аныктап кармап келишип, уурдалган акча өз ээсине кайтарылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД