Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тийиштүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Алмаз Мамбетов 2016-2019-жылдары Балыкчы шаарынын мэри болуп иштеген. 2019-2020-жылдары Мамлекеттик катоо кызматынын төрагасы, 2020-жылы президенттин иш башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

Ош шаарын 2018-жылдан бери Таалайбек Сарыбашев жетектеп келди. Ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, 2012-2015-жылдар аралыгында Ош облусунун Алай районунун акими болуп да иштеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД