Бишкекте үч күндө 90 мас айдоочу аныкталды

Бишкекте кайгуул кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн үч күндүк рейд учурунда 90 мас айдоочу аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлды.

Кармалган айдоочуларга 1 млн 575 миң сом айып салынды.

Акыркы учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, ар кандай жаракат алгандар болууда. Ага көбүнчө айдоочулардын жол эрежелерин так сактабагандыгы себеп болуп жатат.

Ошондуктан милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейд өткөрүп жатат.

Сонку 3 күн ичинде 2 миң 648 жол эрежесин бузуу фактысы аныктады.

Анын ичинен:

- мас абалында автоунаа башкарган 90 айдоочуга 1 млн 575 миң сом айып салынды;

- айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаргандар - 143 ;

- автоунаанын алдыңкы жана капталдагы терезелерин караңгылатып айдоо боюнча - 7 факты;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 2 399.

Мындан тышкары, 289 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД