Мамкатчы: "Манастын уулу Семетей" тасмасын президент каржылаган жок

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан "Манастын уулу Семетей" тасмасын тартуу боюнча пикирин "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Абыкеевдин айтымында, "тасмага президент каржылык колдоо көрсөтүп жатат" деген маалымат туура эмес.

"Тасманы тартууну баштаган топ менен президент жолуккан. Алар Орусия, Казакстандын көмөгү менен тарыхый мыкты кино тартыла турганын убада кылышкан. Президент иштерине ийгилик каалап, начар тартылып калса чыгарбай коё турганын эскерткен. Алар менен кошо кирген адам каржылык колдоо кыла турганын айтканда, президент мүмкүнчүлүгүңүз болсо колдоңуз деген", - деди Абыкеев.

Абыкеев тасманын сценарийинде саясий ката кеткен учурлар көп экенин белгилеген.

Мамлекеттик катчы тасманын сценарийи менен таанышып чыкканын, режиссер Өмүрзак Төлөбеков менен талаш-тартыш жараткан сөз болгонун жазды.

Ошол эле кезде мамлекеттик катчы тасманы тартууга мамлекет тыюу сала албай турганын, "Улуттук баалулуктарды коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору жазылып жатканын билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД