Жоламандын мурдагы машыктыруучусу: Өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалаган

Кыргызстан олимпиадачылар ассоциациясынын президенти Шаршен Касенов Олимпиада оюндарында күч сынашкан Жоламан Шаршенбеков эмне себептен экинчи беттешинде утулуп калганын божомолдоду.

Кечээ Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы килем үстүнө чыгышкан.

Шаршенбекв 1/8 финалда биринчи атаандашы - казакстандык спортчуну ишенимдүү жеңген. Бирок чейрек финалда молдовиялык балбанга 9:0 эсебинде жеңилип калган.

"Олимпиадада алсыз атаандаштар болбойт, кайсы гана спортчу болбосун утулуп калышы мүмкүн. Ушул сабакты эске алыш керек жана ар бир беттешке олуттуу караш керек. Балдар даяр болчу, аны биринчи беттештеринде тастыкташты. Жоламан Шаршенбеков экинчи беттеште, балким, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жогору баалап, молдовиялык балбанга даяр эмес, күүлөнбөй чыккан. Биринчи мүнөттө атаандаштын абалын текшериш керек болчу, андан кийин гана иштеш керек эле. Ал чынжырдан бошонгондой болуп, чар-жайыт күрөштү. Атаандашы күтүп, дайыма кайра чабуулдарда упай топтоп жатты", - деди Касенов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД