ӨПКӨНҮ СУУКТАН КОРГОЙ ТУРГАН КИВИ СУУСУНДУГУ

С витаминге бай жемиштер өпкөнү ар кандай вирустук оорудан сактоого жардам берет. Андыктан кышы, жайын ал жемиштерди көп жегенге аракет кылыңыз. Ал эми виз сиздерге киви жемишинен жасалган өпкө үчүн пайдалуу суусундукту сунуш кылабыз

Керектелүүчү азыктар

2 стакан кефир

2 саткан апельсин ширеси

1 стакан шабдалы ширеси

2 даана киви

2 даана алма

2 даана апельсин

1 даана банан

Бир шиңгил жүзүм

Бир нече тал жалбыз керектелет

Даярдоо жолу

Бир күн мурун жүзүмдү ортосунан бөлүп, киви, апельсин жана алма жемиштерин дагы майд кылып туурап атайын бир идишке салып муздаткычка салып коёсуз. Эртеси банан жемишин туурап ага күн мурунтан даярдалган жемиштерди кошуп аралаштырып үстүнө апельсин менен шабдалы ширесин куясыз. Даяр суусундукту атайын бокалдарга куюп, үстүнө кефир дагы куюп чыгуу сунушталат. Акырында жалбыз менен кооздоп коесуз.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД