Аскар Акаев бүгүн Бишкекке учуп келет деп кабарланууда

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев бүгүн Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу өздүк маалымат булактардан кабарлашты.

Ага ылайык, аны аэропорттон суракка алып кетүү үчүн УКМК кызматкерлери күтүп жатат. Бирок УКМКдан бул боюнча маалымат жок экенин айтышты.

Аскар Акаев эгемендүү Кыргызстандын алгачкы президенти. Ал 2005-жылы өлкөдөн качып, ошондон бери Москва шаарында жашап жүрөт. Анын үй-бүлө мүчөлөрүнө бир катар кылмыш иштери козголгон.

Ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД