Токио Олимпиадасы: Акжол Махмудов финалга чыкты (Видео)

Кыргызстандык грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарынын финалына чыкты.

Спортчу бүгүн, 2 -августта 77 килограммга чейинки салмак категориясындагы турнирде чыкты

Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште кыргызстандык Армениядан келген Карапет Чалян менен беттешип, финалга жолдомо алды. Алтын үчүн күрөштө анын атаандашы венгриялык Тамаш Лоринц болмокчу. Бул беттеш 3 -августта өтөт.

Бул беттештин жыйынтыгына карабай, Кыргызстан 2008 -жылдан бери биринчи жолу Олимпиада оюндарында биринчи медалды алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД