УКМК: Аскар Акаев Бишкекке алып келинди

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-августта Аскар Акаев "Кумтөр" иши боюнча Бишкекке алып келинип, ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.

УКМК бул иш боюнча дагы кошумча маалымат берүүнү убадалап, ушул маалыматтар менен гана чектелди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД