Олимпиада: Үзүр Жусупбеков көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков (97 кг) коло байге үчүн таймашты улантууга мүмкүнчүлүк алды.

Жусупбековду 1/8 финалда утуп алган армениялык Артур Алексанян финалга өтүп, кыргызстандык балбанда көңүл жубатуучу күрөшкө чыгууга мүмкүнчүлүк жаралды.

Белгилей кетсек, биринчи кармашында Жусупбеков Артур Алексанянга 1:4 эсебинде жеңилип калган болчу.

Көңүл жубатуучу мелдештер эртең, 3-августта өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД