Мээрим Жуманазарова коло үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Олимпиаданын колосу үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк алды.

Жуманазарованы чейрек финалда уткан нигериялык Блессинг Оборудуду финалга өткөндүктөн, кыргызстандык спортчу кыз эртең, 3-августта көңүл жубатуучу беттешке чыгат.

Белгилей кетсек, биринчи кармашында кыргызстандык балбан кыз болгариялык Мими Христованы 7:5 эсебинде жеңген. Чейрек финалда Жуманазарова нигериялык Блессинг Оборудуду менен күрөшүп, 2:3 эсебинде утулган болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД