Марипов: Олимпиадачылар менен сыймыктанабыз

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Токио (Япония) шаарындагы XXXII жайкы олимпиадалык оюндарга катышып жаткан Кыргызстандын спортчуларына кайрылуу жасады.

"Кымбаттуу спортчулар, бүтүндөй өлкө Олимпиададагы сиздердин катышууңуздардагы оюндарды толкундануу менен кунт коюп көрүүдө. Олимпиадалык оюндарга катышуу – ар бир спортчу үчүн чоң намыс, ошол эле учурда анын кесипкөйлүгүнүн жана сиңирген эмгегинин таанылышы.

Биздин олимпиадалык курама командабыз машыктыруучу курам менен биргеликте сыймыктанууга татыктуу. Сиздер өлкөбүздүн намысын мыкты деңгээлде коргоп жатасыздар. Сиздер өжөрлүгүңүздөргө, эмгекчилдигиңиздерге жана тайманбас духуңуздарга жараша олимпиадалык деңгээлге татыктуу экениңиздерди далилдей алдыңыздар.

Ар бириңиздер күжүрмөн жоокерсиздер, биз сиздерге ишенип, ар бир жыйынтыкка кубанып турабыз. Сиздер биз үчүн жеңүүчү жана баатырсыздар! Биз сиздердин жеңишке ишенебиз жана бул таймаштарда Кыргыз Республикасынын желеги дагы да желбирейт деп үмүттөнөбүз!", - деп айтылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-августта кыз-келиндер арасындагы күрөштө Айпери Медет кызы (76 кг) коло үчүн күрөшөт.

Ошондой эле грек-рим күрөшүндө Акжол Махмудов (77 кг) Олимпиаданын финалына чыкты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД