Олимпиада: Айпери Медет кызы коло байге үчүн күрөштө жеңилип калды

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөштө түркиялык Ясемин Адарга 4:0 эсеби менен жеңилип калды.

Медет кызы 76 килограмм салмак категориясында ат салышты.

Айпери баштапкы этапта казакстандык Элмира Сыздыкованы 8:1 эсебинде жеңсе, чейрек финалда россиялык олимпиада чемпиону Наталья Воробьеваны 12:0 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан.

Ал эми жарым финалда америкалык Аделина Мария Грейге татыктуу таймаш көрсөтүп, 2:3 эсебинде жеңишти алдырган эле. Атаандашы финалга чыккандыктан коло байгеге күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД