Ош шаардык кеңешине Салман Назылбеков төрага болду

Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын депутаты Салман Назылбеков шайланды. Аны Ош шаардык кеңешиндеги 45 депутаттын 44тү колдоду.

Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинин 4-чакырылышында "Кыргызстан" фракциясынан депутат болгон. Ушул эле сессияда вице-спикер болуп "Биздин Кыргызстан" партиясынын лидери Шайырбек Нуранов шайланды. Аны да шаардык кеңештеши депутаттар бир добуштан колдоп беришти.

11-июлда өткөн кайра шайлоодо Ош шаардык кеңешине төрт партия өткөн.

Алар: "Ата-Журт Кыргызстан", "Биздин Кыргызстан", "Улуттар Биримдиги", "Бир Бол" утуп чыккан. Ага ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" – 19, "Биздин Кыргызстан" – 15, "Улуттар Биримдиги" – 7, "Бир Бол" – 4. мандатка ээ болушту.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД