Кеминде автоунаа жана май куюучу жай өрттөндү

Кеминде автоунаа жана май куюучу жай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусундагы Кемин шаарында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун жээгиндеги Red Petroleum май куюучу жайында турган жүк ташуучу "Мерседес-Бенц" үлгүсүндөгү автоунаадан өрт чыккан. Ал толук күйүп, өрт 1 даана май куюучу колонкага да өтүп жана оператордук бөлмө, ичинде жайгашкан жалпы аянты 80 чарчы метр дүкөн жана темир калай менен жабылган аянты 140 чарчы метр бастырма күйүп кеткен.

Болжолдуу 220 чарчы метрди өрт чулгаган.

Жабыркагандар жок, учурда өрттүн себеби такталууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД