"Коңшулаш өлкөлөргө наркотик ташыйм деп абака камалдым"

Менин атым Гүлназ Курманбекова. 36 жаштамын. Азыр мен аялдар абагындамын. 300 дөй аял камалган кыргызстандагы жалгыз абак. Мындай тагдырга дуушар болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бирок бул тагдырды баштан кечирдим. Мен бул тагдырды жашап жатам.

Мен мектепте окуп жүргөндө 9-классты аяктаганча бактылуу балалыкты баштан кечирдим. Бир үйдүн кичүүсү элем. Анда ата-энемдин көзү тирүү. Атам айылдагы өз чарбасы бар эмгекчил жан эле. Апам болсо соода-сатык иштери менен алектенчү. Ошол кезде Советтер Cоюзу жаңыдан ыдырап, класcташтарымдын көпчүлүгү кыйналып жашаганы билинип турчу. Үстүндө түзүгүрөөк кийимдери жок улуу эжелеринин эскирип калган кийимдерин кийген класcташ кыздарым көп болчу. Мага болсо апам соода-сатык иштери менен ар бир шаарга барып келген сайын жаңы, баалуу кийимдерден ала келчү. Оозумдан эмне чыкса апам ошону аткараар эле. Сабактарымды да жалаң бешке окуп мектептеги барктуу кыздардан элем. Ошол бактылуу күндөрдө жогорку окуу жайлардын биринде окуп жүргөн эжемди турмушка узаттык. Агам үйлөндү. Той артынан тойлор болуп шаңдуу, бактылуу күндөр өтүп жатты. Жаңыдан келиндин чайын ичип, жүзү тамылжып апам ичинен кубанып жүргөнү байкалып турчу. Көрсө бул апамдын акыркы бактылуу күндөрү экен. Дагы товар алып келем деп шаарга аттанып жаткан апам баарыбыздын бетибиздин өөп, карааны алыстап баратты. Ошону менен кайтып келбеди. Жол кырсыгына учурап, ошол жерден дароо каза болуптур. Апамды жоготуу биз үчүн абдан оор болду. Биз менен коштошуп кетип бараткан карааны көз алдыман кетпейт. Кечээ эле үйүбүздүн куту болуп жаркылдап жүргөн апам бүгүн таптакыр арабызда жок. Өзгөчө атам экөөбүзгө кыйын болду. Атамдын эч кимге көрсөтпөй ыйлап отурганын көп көрчү болдум. Ага кошулуп алып мен да буркурап боздойм. Агам, жеңем, үйгө келип кеткен тууган- туушкандар бизге кайрат айтып көңүлүбүздү көтөрөбүз менен убара. Акыркы күндөрү бул кайгыны көтөрө албай атам ичкиликке көбүрөөк бериле баштады. Кээде мас болуп таптакыр эле көчөдө жатып калат. Агам издеп жүрүп ар кайсы жерден таап келет. Эртеси күнү ичпе деп экөө урушат. Бир күнү атам дагы жок. Январь айынын чыкыроон суук түнү. Издебеген жерибиз калбады. Досторунун, туугандардын үйүн калтырбай кыдырдык. Айлабыз түгөнүп ар кимибиз өз ойлорубуз менен алпурушуп мостойуп отуруп калдык. Бир убакта агам силер жеңең экөөңөр уктай бергилечи. Мен балдарга барып келейинчи деп чыгып кетти. Түнкү саат 1-2лер болуп кетти. Ар кандай жаман ойлор келип кыйналып жатып жаңы эле көзүм илинип кетиптир. Көп адамдардын кобурашкандарынан, ызы- чуудан ойгонуп кеттим. Апам каза болгондо да ушинтип айылдаштарым жабылып келишкен. Жүрөгүм шуу дей түштү. Чындап эле атамдан да айрылып калыппыз. Апамдын мүрзөсүнө бараткан жолдон атамды таап келишиптир. Аябай ичип алган атам жолдо жатып, суукка тоңуп калыптыр. Апамдан айрылган соң жыл айланбай атамдан айрылып калдык.

Таптакыр томолой жетим кызга айландым. Тирүү болгондон кийин күндөр өтүп жатты. Мектепти аяктаарыма саналуу күндөр калды. Баары бир жеңе деген жеңелигин кылат экен. Күн санап мени менен өчөшкөнү көбөйүп баратты. Мени тынбай эле жумуш кыла берсе деп ойлойт. Көпкө сабак окуп же телевизор көрүп отуруп калсам эле кабагы бүркөлө түшөт. Мен үчүн агам экөө көп уруша башташты. Эжем болсо эптеп мектепти аяктасаң эле менин колума кел. Өзүм окутам дейт. Ал мага боору ооруп кыйналып жүрөт. Эми эжемдин турмушуна аралашамбы. Эмне кылсам, каякка барсам… жашоого батпай көз жашымды төгөм. Кандай болсо да шаарга барып эжемдикине бир аз күн туруп эле өз алдымча иштеп батирге чыгып кетем деген чечимге келдим. Бирок ал чечимим ишке ашпай менден алты жаш улуу айылдашым Аскар алакачып кетти. Аскар шаардан окуп келген келишимдүү жигит эле. Анчалык деле каршы болгон жокмун. Көшөгөнүн артында отуруп калдым. Ошентип менин үй-бүлөлүк жашоом башталды. Аскар экөөбүз он жыл бирге жашадык. Эки уулдуу болдук. Бир карасаң жашоо ойдогудай эле өтүп жаткансайыт. Бир карасаң азап турмуш. Аскар көп бир тууган, анан турмуштары өтө начар эле. Экөөбүз баш кошкону канча батирге көчтүк. Болор-болбос акча үчүн канча кыйналып иштедик. Баары бир эч нерсеге жетпейт. Аскар Москвага иштеп келүүгө аргасыз болду. Алгачкы айларда жакшы эле акча салып, кабарлашып турду. Кийин түркүн шылтоолору көбөйө баштады. Жамандык жерде жатабы. Анын башка бир аял менен жашап алганын уктум. Өзү да мойнуна алды. Балдарыма акча салып турам. Силерди да карайм дейт. Эх, ушул менин тагдырым, жашоом экен. Аны менен таптакыр байланышты үздүм. Анын эбин- себин акчасын күтүп жашагым келбеди. Менин баардык кыйынчылыгыма күбө болуп жүргөн батир ээси жакшы акча табасың деп мага бир жумуш сунуштады. Айласыз анын сунушуна моюн сундум. Коңшулаш өлкөлөргө наркотик ташып иштеп баштадым. Чындап эле акчанын баары ушул жерде экен. Бат эле бутумдан турдум. Эң башкысы канча жылдан бери жетпеген үй сатып алууга да жетиштим. Бул менин акыркы сапарым эле. Бул жолу аман-эсен барып келсем, айлыгы аз болсо да тынч жумушка иштейм деп өзүмө өзүм катуу ант берип сапарга чыккам. Бирок андай болбоду. Казакстандан колго түшүп, ал жактын абагында эки жылдай жаттым. Агам, эжемдер бир тууган эмеспи. Болгон аракеттерин көрүп жатып мени Бишкекке котортушту. Казакстандын аялдар абагынын жүзү курусун. Канчалаган азаптуу күндөрдү баштан кечирдим. Силерге оор болгону менен Кыргызстанга келгеним, абакта жатсам да жеңил сезилет. Азыр үйүмдү батирге берип койгонбуз. Уулдарымды өз энесиндей эле кам көрүп чоңойтуп жатат. Тез-тез келип турушат. Эми көп азабым артта калды. Кандай кыйынчылык болбосун өтөт экен. Жакында балдарымдын жанына барам деп ар бир күн, ар бир саатымды жашап жаткан кезим.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД