Олимп оюндарында Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 3-августта чейрек финалда румыниялык Кристина Тундени далысы менен жерге басып, таза жеңишти камсыздады!

Муну менен кыргызстандык балбан кыз жарым финалга жолдомо алды.

Айсулуу Тыныбекова алгачкы күрөшүндө латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде уткан.

Ушул эле күнү бир нече кыргыз спортчусу беттеш өткөрөт:

3-августта грек-рим күрөшүнөн 87 килограмм салмак ченинде Атабек Азизбеков мелдешке чыгып, венгриялык Виктор Лоринске 1:6 эсебинде утулуп калды. Эгер Виктор Лоринс финалга чыкса, Атабек Азизбеков коло байге үчүн жооткочуучу беттеште күчүн сынайт.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 клограмм салмакта Мээрим Жуманазарова жооткотуучу беттеште азербайжандык Элис Манолованы 4:1 эсебинде жеңди. Эми ал коло байге үчүн монголиялык Батцецег Соронзонболд менен күрөшөт.

Балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшүнөн 97 килограмм салмак ченинде жооткотуучу мелдеште финляндиялык Арви Мартин Совалайненге жеңилди.

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков да ушул күнү 5000 метр аралыкка чуркап, күч сынашууга чыгат.

Ошондой эле бүгүн, 3-августта балбан Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмак ченинде венгриялык Таман Лоринц менен финалда алтын медаль үчүн күрөшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД