Токтогулда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, алтоо жабыркады

Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, алты адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Жалал-Абад облусунун Токтогул району аркылуу өткөн Бишкек-Ош унаа жолунун 260-чакырымында болгон. Анда Honda CR-V жана Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Анын кесепетинен 1956-жылы туулган С.Р. аттуу киши каза болуп, 6 адам жабыркаган.

Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД