Соңку суткада 797 кишиден вирус аныкталып, 10 киши каза болду

Кыргызстанда 3-августка карата коронавирус дагы 797 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында - 445, Ош шаарында - 3, Чүй облусунда - 123, Ош облусунда - 13, Талас облусунда - 20, Нарын облусунда - 16, Ысык-Көл облусунда - 51, Жалал-Абад облусунда - 70, Баткен облусунда - 56 адамдан илдет табылган.

"Ал эми бир суткада 1 миң 794 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында - 1 миң 247, Ош шаарында - 37, Чүй облусунда - 158, Ош облусунда - 75, Талас облусунда - 32, Нарын облусунда - 23, Ысык-Көл облусунда - 17, Жалал-Абад облусунда - 105, Баткен облусунда - 100 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 5, Чүй облусунда 2, Ош, Талас, Баткен облустарында бирден бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 493 бейтап, амбулатордук түрдө 9 миң 174 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 524 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 936 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 165 миң 540 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 149 миң 171 киши айыгып чыкса, 2 миң 354 адам каза болду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД