UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди

Жеңил салмактагы UFCнин мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди.

3 -августта "Манас" аэропортунда аны EFC 38 турнирин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты.

Нурмагомедов Кыргызстанга анын командасына кирген Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов жана Усман Нурмагомедов менен келген.

Хабиб Нурмагомедов 3-августта Чолпон-Ата ипподромунда (Ысык-Көл облусу) өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.

Иш -чаранын картасы 19 беттешти камтыйт, анын башкысы Руслан Яманбаев (Россия) менен Бусурманкул Абдибаит уулунун (Кыргызстан) беттеши болмокчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД