Бишкек шаарындагы эстеликтер жууп-тазаланууда

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери эстеликтерди тазалоону улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Үркүн монументи, Кожомкул, Юдахин, Шабдан баатыр, Калык Акиевдин айкелдери, Манасчынын, Бегелдиновдун бюстери жана Баатырлар аллеясында жайгашкан эстеликтер жууп-тазаланды. Тазалоого үч сугаруучу машина, бир автомунара жана ишкананын 10 кызматкери тартылды.

Ишкананын кызматкерлери эстеликтерди ар кандай жазуулардан тазалап, плиталарды күнүмдүк ремонттон өткөрүшөт, тамгаларды жана такталарды алмаштырышат, жаңыртышат.

Ошондой эле борбор калаанын көчөлөрүн, тосмолорду, көпүрөлөрдү, эстакадаларды жууп-тазалоо улантылууда. Жумуш үчүн 26 атайын техника тартылган.

Бардык архитектуралык эстеликтерди кайра-кайра жууп чыгуу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды искусство объектилерине жана муниципалдык менчикке аяр мамиле кылууга, коомдук жайларда жүрүм-турум маданиятын сактоого жана вандализм же уурулук фактыларын тез арада укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД