Кыргыз балбандарынын финалдык беттештери Ала-Тоо аянтында көрсөтүлөт

Бүгүн борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында Олимпиаданын байгелүү орундарына ат салышып жаткан балбандардын күрөшү түз эфирде көрсөтүлөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык балбандар саат 15:15те килемге чыгып баштайт. Бул учурда аянтка фан-зона уюштуруп, чоң экрандан көрсөтүү чечими кабыл алынган.

"Келгиле, спортчуларыбызды биргеликте колдойлу", - деп жазган Надырбеков.

Ошондой эле "Азия Молл" соода борборунда дагы фан-зона уюштурулары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, бүгүн грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов финалдык беттеште алтын медаль талашат.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшөт. Ал эми Айсулуу Тыныбекова жарым финалда кармашат.

Мындан сырткары, Махмудовдун финалдык беттеши анын кичи мекени Араван районундагы "Белек" кинотеатрында дагы чоң экрандан көрсөтүлөт. Муну президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Эрмек Муратбек уулу маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД