Президенттин пресс-катчысы алмашты

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн (жетекчиси болуп Нурай Марс дайындалды. Бул туурасында администрациядан билдиришти.

Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?

Бул кызматты буга чейин Нуркамал Асканова аркалап келген. Ал эми Нурай Марс Улуттук банктын маалымат кызматында иштеп жаткан.

Президенттин маалымат катчысы болуп Эрбол Султанбаев дайындалды. Ал буга чейин президенттин маалымат кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип жүргөн.

Мамлекет башчынын буга чейинки маалымат катчысы Галина Байтерек ордун тапшырып, администрациядагы жетекчилик кызматка бекитилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД