Дарбыз кандай дарттарды айыктырат?

Дарбыз курамына A, C, E, B витаминдерин, магний, калий, кальций, фосфор, темир жана натрийди камтыйт.

Дарбыз антиоксидант болуп саналгандыктан, ликопинге, ниацинге, тиаминге бай. 100 г дарбыз 38 калорияга ээ.

Пайдасы

Дарбыз ширеси организмди токсиндерден арылтып, бөйрөк жана боорду тазалайт. Денедеги холестериндин көлөмүн азайтат.

Андагы фолий кислотасы териге жана чачка оң таасир тийгизип, тамак сиңирүү системасын жакшыртат. Ошону менен катар зат алмашуу ишине оң таасир этет.

Карылык процесси жайлайт, рактын алдын алат.

100 грамм продукт организмдин магнийге болгон муктаждыгын 60 пайызга толтурат. Бул жүрөк-кан тамыр системасы үчүн пайдалуу болгон башка заттарды сиңирүүгө жардам берет.

Стресстен коргойт, бакыт гормондорунун өндүрүлүшүн камсыздайт.

Көздүн көрүүсүн жакшыртат, иммунитетти чыңдайт.

Диетада пайдалуу, анткени дарбыз ачкачылык сезимин нейтралдаштырат, арыктоого жардам берет.

Качан жана кантип керектөө керек?

Дарбызды көп жегенде, заара баштыгында ыңгайсыздык пайда болот. Тамактангандан кийин дароо дарбыз жеген туура эмес, ал ичеги-карындын бузулушуна алып келет.

Дарбыздын данектери жана кабыгы микробдордун көбөйүшү үчүн жакшы шарт. Ошондуктан аны кесилген абалда узак убакытка сактоо, кесилген дарбыз сатып алуу сунушталбайт.

Жасалма шарттарда, тездетилген ыкма менен өстүрүлгөн дарбыздарды тандап алуу оңой эмес. Себеби, бул учурда продукт азот жер семирткичтери менен каныккан болот. Денеге киргенде алар нитриттерге айланат да, жүрөк-кан тамыр ооруларына себеп болуп, дем алуу жана заара жолдорунда көйгөйлөрдү жаратышы ыктымал

Кимдерге жегенге болбойт?

Заара жолунун оорулары (бөйрөк таштары), диарея, метеоризм, ашказан астындагы безде көйгөйлөрү бар адамдар дарбызды этияттык менен жеши керек.

Алсак, кант диабетине чалдыккандар дарбызды керектөө нормасын эстен чыгарбашы керек. Дарбыз кандагы глюкозанын деңгээлин кыска убакытка көтөрөт.

Эки жашка чейинки балдарга дарбыз бербөө сунушталат. Анткени аларда аллергияга алып келиши мүмкүн. 2-3 жаштагы балдар үчүн күнүмдүк дарбыздын көлөмү 80-100 граммдан, 3-6 жаштагы балдар үчүн - 150 граммдан ашпашы керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД