Анжиянда жол бууган аялдар 15 суткага чейин камалды

Анжиян шаардык соту өткөн ишембиде Анжиян облустук администрациясынын алдында жол тоскон 17 кишиден турган топко карата өкүм чыгарды.

31-июлда жоон топ аял Анжияндагы жолду тоскону кабарланган.

Облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, ишембиде топ жаран облус башчысы Шухрат Абдурахманов менен жолугуу үчүн келишкен. Бирок жарандарды кабыл алуу тартиби өзгөрүлгөнүнө байланыштуу алар акимдин биринчи орун басары Отабек Турсуновго жөнөтүлгөн. Жарандар акимдин өзү менен жолуктурууну талап кылышып, администрациянын алдындагы жолдуу буушкан.

Анжиян ички иштер башкармалыгы окуяны иликтеп, материалдарды шаардык сотко өткөрүп берген.

Жолду тоскон 15 аял менен 2 эркек киши "Майда бейбаштык", "Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талабын аткарбоо", "Митинг, көчө жүрүшү же демонстрацияларды өткөрүү жана уюштуруу тартибин бузуу" беренелери боюнча айыптуу деп табылды.

11 киши 8ден 15 суткага чейин камалды, калгандарына 1,715 млн сум же 160 доллар айып пул салынды.

Өткөн айда Кашкадарыя облусунда электр энергиясын берүүдөгү мүчүлүштүктөргө нааразылык билдирип, темир жол рельстеринде акция өткөргөн жарандар 15 суткага камалып, төрт кишиге айып пул салынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД