УКМК: Темир Сариев камакка алынды

"Кумтөр" иши боюнча мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Сариев бүгүн, 3-августта кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө аныктагандай, Сариев экономика министри жана тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган учурда "Кумтөр" кенинин ишинен экологияга келтирилген зыянды азайтып көрсөткөн. Анын айынан мамлекет ири өлчөмдөгү чыгымга учураган.

Бишкек шаардык соту 48 саат ичинде анын баш коргоо чарасын карайт.

Белгилей кетсек, "Кумтөр" иши боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн 2-августта Кыргызстанга мурдагы президент Аскар Акаев келген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД