Медиктердин айлыгын көбөйтүү үчүн 1,6 миллиард сом бөлүндү

Өкмөт медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү үчүн кошумча 1 миллиард 612 миң сом бөлдү. Анын ичинен 333 миллион 265,2 миң сому июль айындагы маянага кошулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-июлдан тарта дарыгер жана башка медициналык персоналдын айлыгы 50 пайызга көтөрүлдү. Ал эми техникалык кызматтарды көрсөткөн кенже персоналдын айлыгынын негизги бөлүгүнө 1,4 коэффициент белгиленди.

"Ошондо кошумчадан кийин орточо айлык мындай болуп калды: дарыгерлер -12 897 сом (мурда 8 598 сом болчу), орто медициналык персонал - 11 739 сом (мурда 7 826 сом болчу), техникалык кызмат көрсөткөн кенже персонал 9 989 сом (мурда 6 659 сом болчу) алат", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун ушул жылдын февраль айындагы жарлыгы менен медиктердин айлык акысы 50 пайызга жогорулаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД