Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн, 3-августта жарым финалда каршылашы, украиналык балбан кыз Ирина Колиаденкону 10:0 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утуп финалдык беттешке жолдомо алды.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова алгачкы күрөшүндө латвиялык Анастасия Григорьеваны 8:0 эсебинде, кийин румыниялык Кристина Тундени таза далысын жерге тийгизип мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен болчу.