Олимп оюндары: Акжол Махмудов күмүш медаль утту

Токиодогу олип оюндарында кыргызстандык балбан Акжол Махмудов алтын медаль үчүн күрөштө утулуп калды.

Махмудов грек-рим күрөшүндө 77 килограмм салмакта финалда венгриялык Таман Лоринц менен кез-келип, 2:1 эсеби менен утулду.

Буга чейин Акжол Махмудов 2-августта армениялык атаандашы Карапет Чальянды жарым финалда 6:2 эсебинде жеңип, финалдык таймашка жолдомо алган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД